Асылбек Жээнбеков менен Валентина Матвиенко тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Муну парламенттен кабарлашты. Тараптар мындан ары кеңейтилген курамда эки тараптуу кызматташтык жана парламенттер аралык байланышка тийиштүү маселелерди талкуулашары айтылды.

Эске салсак, Матвиенко спикер Асылбек Жээнбековдун чакыруусу менен бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келди. Орусиялык өкүл өлкө жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан