Асылбек Жээнбеков орусиялык кесиптеши менен "кара тизмедеги" кыргызстандыктардын көйгөйүн талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 20-октябрда Бишкекте Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен сүйлөшүү жүргүздү. Жээнбеков Кыргызстандын тышкы саясатында Орусияга өзгөчө артыкчылык берилерин белгиледи. "Эки тараптуу кызматташтык мамилелердин бардык тармагын камтыган кеңири келишимдик-укуктук база иштелип чыкты. Мурда жетишилген бардык мамлекеттер аралык келишимдер биздин парламенттер тарабынан ыкчам каралды жана ратификацияланды. Бул эки өлкөнүн жакындашууга алган жалпы багыты коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынып жатканын көрсөтүп турат",- деди төрага. 

Жогорку Кеңештин спикери тараптардын экономика жаатындагы кызматташтыгы өнүгүп бара жатканын айтты. "Бул багытта эки өлкөнүн өкмөттөрү, аймактар менен ишкерлер жигердүү иш алып барышууда",- деген Жээнбеков Кыргызстан 2015-жылы Бажы биримдигине кирсе, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү дагы жогорулай турганын билдирди.

Кыргызстандын Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча жол картасы толугу менен ишке ашып жатканын белгиледи. "Бул жаатта 16 мыйзам долбоорунун биринчи документтеринин пакети парламентке сунушталып, анын 12си биринчи окуудан өттү. Ошондой эле Бажы союзунун техникалык регламенттерин ишке киргизүү болжолдонууда. Быйыл 10-октябрда Минск шаарында мамлекет башчылары Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча иш-чаралар планын бекитишти",- дейт Жээнбеков. Парламент жетекчиси кыргызстандыктардын, айрыкча болор-болбос аракеттери үчүн "кара тизмеге" кирип калгандардын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү зарылдыгына көңүл бурду. Учурда иштелип жаткан Орусиянын аймагына убактылуу иштөөсү үчүн Кыргызстан жарандарын уюшкандык менен топтоо тууралуу өкмөттөр аралык макулдашуу долбоорун ишке ашыруунун маанисин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан