Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 21-октябрда Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен жолугушуп, тараптар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Оторбаев экономикалык мамилелерде Орусия евразиялык интеграция процессинде Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп: "Евразиялык интеграция ийгиликтүү өнүгүүгө мүмкүндүк берет. Жылдын аягына чейин Евразиялык экономикалык союзда болуу үчүн биз баарын жасайбыз",- деп билдирди.
Өкмөт башчы өлкөдөгү энергетикалык ири долбоорлордун маанилүүлүгүн айтып, соода жаатында Орусия менен биргелешкен долбоорлор түзүлөрүнө ишенерин билдирди.