Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-октябрда Орусиянын Федералдык Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен жолугушту. Мамлекет башчы В.Матвиенкону кеңештин төрайымдыгына кайрадан шайланышы менен куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. "Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыз Кыргызстан менен Орусиянын активдүү саясий диалогунун бекемделишинин далили",- деген Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташтыгын өнүктүрүү керектигин билдирди.
Матвиенко эки өлкөнүн достук алакасын мындан ары да өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.