УКМК 50 миллион сомго бааланган баңгизатты жок кылды
1-ноябрь күнү УКМК тарабынан 20 кылмыш ишинен алынган 157,7 килограмм баңгизаты жок кылынганын аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Алынган баңгизаттар "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын казанында күйгүзүлүп, жок кылынды. Жалпы суммасы 50 миллион сомго бааланган заттын 71,5 килограммы - марихуана, 4,7 килограммы - апийим, 77 килограммы - гашишти түзгөн.