2015-жылы республикалык бюджеттен билим берүү тармагына 17 миллиард 248 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министри Ольга Лаврова бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Лаврова бюджеттин долбоору социалдык тармакты жакшыртууга багытталып, күч түзүмдөрүнүн, дипломатиялык кызматтагылардын, суу жана токой чарба кызматкерлеринин маяналарын көтөрүүгө, пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө жумшаларын билдирди.
Жыйын жүрүшүндө билим берүү, илим, маданият, спорт, архив, мамлекеттик тил жана массалык маалымат каражаттары тармактарынын көйгөйлөрү көтөрүлүп, тийиштүү каржылык каражаттарды келерки жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү сунуштары айтылды.