Валентина Матвиенко Кыргыз-Орус Славян университетинин ардактуу профессору болду

Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко 21-октябрда Бишкек шаарындагы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде болду. Университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Матвиенкого окуу жайдын "Ардактуу профессор" наамы ыйгарылганы белгилүү болду. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, орусиялык депутат Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери менен профессордук-окутуучулар курамынын алдында сүйлөп, КМШ аймагында ушундай 4 жогорку окуу жай бар экенин, алардын эң алгачкысы Бишкек шаарында ачылып, КМШ аймагындагы улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тилин жайылтууда пайдалуу иштерди жасап жатканын белгиледи. Матвиенко ушу тапта Кыргызстанда орусиялык 8 ЖОЖ иштесе, Орусиянын көптөгөн шаарларында кыргызстандык студенттер билим алып жатканын эске салды.

Айта кетсек, В.Матвиенко 20-октябрда Бишкекке иш сапары менен келип, Кыргызстандын мамлекет жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан