“Президент Алмазбек Атамбаев киришмейинче өлкөдө бир да маселе чечилбей калды”,- деп билдирди депутат Анарбек Калматов 22-октябрдагы парламент жыйынында. Анын айтымында, мамлекет башчы "Кыргыз алтын" ишканасынын тегерегиндеги иштерге да кийлигишүүсү керек.
“Президент энергетика көйгөйүн чечүүнү талап кылды эле, өкмөт иштеп баштады. Казакстанга чейин барып электр энергиясын сурап жатышат. Кыргызстандын "Центеррадагы" 60 пайыз акциялары камакка алынды. Жыйынга “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовду чакырып, эмне маселе болуп жатканын билели. Жардам керек болсо жардам берели”,- деди Калматов.
Спикер Асылбек Жээнбеков көтөрүлгөн маселени парламенттин 23-октябрдагы жыйынында кароо сунушун берди.