Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдарды жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору каралды. Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык, айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Ошондуктан аталган мыйзамдар 14 күндүк мөөнөт менен шайкеш келтирилүүдө. Бул мөөнөт жарандардын кайрылууларына жооп берүү мезгилин эки эсе тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Депутат Эркин Сакебаев жооптун мөөнөтүнөн көрө жооптордун сапатына көңүл буруу керектигин айтты эле, демилгечи мындай пикирлерге кошулбай турганын, жооптун мөөнөтүнө да, сапатына да көңүл бөлүү зарыл экенин белгиледи.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.