Курмантай Абдиев сүйлөмдөгү бир үтүрдүн күчүн депутаттарга түшүндүрүп берди

Парламент депутаты Курмантай Абдиев мыйзам даярдоодо депутаттардын айткан сунуштарын стенограммадан алып колдонууга кескин каршы. Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы жыйынында депутат мындай демилге баш аламандыкка алып келерин айтып, айрым мисалдарды келтирди. 

“Эгер мындай кылып койсок, депутаттар жазуу түрүндө сунуш бербей калышат. “Жыйында сунушумду айттым, ошондон алып алышсын” деп депутаттар иштегиси келбей калышат. Алар айрым сөздөрүн танып кетиши да мүмкүн. Анын үстүнө сүйлөмдө тыныш белгилери болот, бир эле үтүр сүйлөмдүн маанисин түп-тамырынан өзгөртүп салышы мүмкүн. Мисалы: “помиловать, нельзя казнить” же “помиловать нельзя, казнить”. Мына, бир эле үтүр адамдын өмүрүн тобокелге салууда”,- деди Абдиев.  

Айта кетсек, мыйзам долбоорун буга чейин Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети четке каккан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан