Кыргызстанда 2014-жылдагы илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн айрым кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар берилди. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Документте төмөнкүлөр белгиленет:
"Кыргыз Республикасынын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу боюнча эмгеги үчүн төмөнкүлөргө илим жана техника жагында КРнын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылсын жана "Илим жана техника жагында КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилсин:
Атабек Алибаев - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин деканы, техника илимдеринин доктору.
Камчыбек Кожогулов - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, аталган академиянын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору, техника илимдеринин доктору.
Ольга Никольская - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун башкы илимий кызматкери, техника илимдеринин доктору.
Кушбакалы Тажибаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техника илимдеринин доктору.
Бурулкан Толобекова - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техника илимдеринин доктору.
Кеңешбек Үсөнов - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору.
Салават Усманов - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин деканы, техника илимдеринин доктору.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.