Айыл чарба министрлиги: Күзүндө 192 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалууда

Үстүбүздөгү жылдын күзгү айдоо иштеринде жалпысынан 192,6 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалууда. Анын ичинде 182,9 миң гектарга буудай жана 9,8 миң гектар аянтка арпа айдалат. Бул тууралуу 22-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө боюнча 54,1 миң гектар аянтка эгин айдалып, ал 28,1 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде республикада 36,6 миң гектар аянтка дан эгиндери айдалган. Быйылкы көрсөткүч 12,2 миң гектарга көп. 
Ысык-Көл облусунда - 3,3 миң гектар, Баткен - 3,4 миң гектар, Талас - 3,3 миң, Чүй - 38,9 миң гектар, Жалал-Абад - 4 миң гектар, Ошто 1,3 миң гектар аянтка эгин айдалды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан