Коруктардын ядролук зонасын кыскартуучу мыйзам долбоорун депутаттар артка кайтарышты

Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы жыйынында коруктардын ядролук зонасын кыскартуу жана буфердик зонасын кеңейтүү маселеси каралып жатканда депутаттар Максат Сабиров менен Мирлан Бакировдун ортосунда түшүнбөстүк жаралды. “Биз коруктардын баарын коргоого алышыбыз керек. Силер ядролук зонаны кыскартуу менен бардык коруктарды талкалаганы жатасыңар. Бүгүн 75 пайыз коргоодо турган жерди кыскартсак, кийинки ядролук зона 10 эле пайызга түшүп калат. Анан жаратылышты талкалап, баарын сатып киребиз. Бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырам”,- деди Сабиров.  

Бакиров мыйзам долбоорун ашыкча саясатташтырбоого чакырды. “Коруктарды талкалап, чөптүн баарын жулуп салат” дегенге болбойт. Тескерисинче, мыйзам долбоору ошол жаратылышка зыян келтирбөө максатында жазылган. Бул маселеге да эптеп "Кумтөрдү" кыпчый калып, ашыкча саясатташтырууну токтоткула”,- деди Бакиров.

Жыйында Сабиров бул мыйзам кабыл алынса, корголууга тийиш болгон бир нече гектар жер "Кумтөргө" өтүп кетерин айткан эле. 

Мыйзам долбоорунда кемчиликтер көп экени айтылып, долбоорду депутаттар артка кайтарышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан