Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы жыйынында коруктардын ядролук зонасынын аянтын кыскартуу демилгесине каршы чыккан депутаттардын бири Исмаил Исаков болду. Мыйзамдын демилгечилерин катуу сындап, аларды жаратылышка кыянаттык кылбоого чакырган депутат буларды айтты: “Маселенин экинчи жагына көңүл бурбайсыңарбы?! Жаратылыш адамдардан эле турбайт, аркар, кулжа, илбирс, өсүмдүктөр бар. Айбанаттар бири-бирине оокат болот, илбирс кулжаны жеши керек. Кулжа өсүмдүк түрлөрүн жейт, жаратылыштын мыйзамы ушул. Коруктардын ядролук зонасын кичирейтип, буфердик зонасын кеңейтүү менен пайдаланууга өтсөк, жапайы айбанаттарга эмне калат? Баарын топтоп жеп албай, жаныбарларга да бирдеме калтырбайлыбы?!”
Исаков жаратылыш айбанаттарын атууга 2030-жылга чейин биротоло тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, парламентте бүгүн коруктардын негизги зонасын кичирейтип, жергиликтүү тургундар мал жайып, мөмө-жемишин терүүгө боло турган буфердик зонасын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечилер мыйзамды даярдоого Жалал-Абад облусундагы коруктардын абалы түрткү болгонун, айрым коруктардын аймагына жергиликтүү тургундар үйлөрдү салып башташканын айтышты. Бирок көпчүлүк депутаттар мыйзам жаратылышты коргоого эмес, талкалоого багытталганын айтышып, демилгени артка кайтарышты. Коруктар аймактык жактан үчкө бөлүнөт: негизги маанилүү аймагы - ядролук зона, андан кийинки аймагы - буфердик зона, андан кийинкиси - корголуучу зона.