Ысык-Көл облусунда мас болгон адам өзүнүн 2 жаштагы уулуна бычак сайды
Ысык-Көл
облусунун тургуну өзүнүн 2 жаштагы баласына бычак сайып таштады. Аталган
облустун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургуну 5-ноябрда үйүнө мас абалында
келип, 2 жаштагы баласынын ичине бычак сайып салган. Окуядан соң жабыркаган жаш
бала оор абалда райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми
бычактаган ата кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуянын чоо-жайын
териштирүү уланууда.