Баткенде светтин 14-16 сааттан өчүп жатканын Абдырахман Маматалиев сынга алды

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 23-октябрда кышка даярдык көрүүнү текшерүү үчүн Баткенге барды. Кышка даярдык көрүү боюнча түзүлгөн штаб башчылары облус эли жана социалдык мекемелер кышка даяр экенин айтышып, өкмөт мүчөсүн ишендиришти. Маматалиев маалымат булактарына шилтеме берип, Баткенде свет эскертүүсүз 14-16 сааттан өчүрүлүп жатканын айтты. "Электр энергиясын мындай убакытка өчүрүүнү ким түздү? Электр кубатын колдонуу лимити жана өчүрүүнүн графиги эмне үчүн элге жетпей жатат?"- деди ал. Вице-премьердин иш сапары бүгүн да уланат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан