Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын 24-октябрдагы жыйыны жабык эшик артында өтүүдө. Отурумда депутат Карганбек Самаковду (фракция мүчөсү) Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагалыгынан кетирүү маселесин карашмакчы. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча спикерге тийиштүү кат жибере турганын билдирди.
Эскерте кетсек, Карганбек Самаков жайында "Ата Мекен" партиясынан чыкканын жарыялап, муну партиянын туура эмес саясат жүргүзүп жатышына байланыштырган.