Президент Алмазбек Атамбаев 24-октябрда “Газпром” ААКнын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик аппараттан билдиришкендей, сүйлөшүүдө Алексей Миллер мамлекет башчыга "Газпром" миң метр кубун 165 долларга баалап, Жамбыл РЭСине 330 миллион куб метр жаратылыш газын жеткирүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдады. Бул Казакстандан Кыргызстанга жеткирилет деп болжолдонгон электр энергиясынын өздүк баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берери айтылды.
Телефондук сүйлөшүүдөн кийин Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өкмөтүнө “Газпром” компаниясы кабыл алган чечимди эске алуу менен Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берди.
Айта кетсек, Кыргызстан быйыл Казакстандан 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.