Кыргызстанда 320 микрокаржылык уюм бар

"Кыргызстанда 320 микрокаржылык уюм бар, алардын өлкөдө 850 кеңсеси иштейт". Бул тууралуу бүгүн, 29-январда өткөн маалымат жыйында Микрокаржылоо уюмдарынын ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эркинбек Жумабаев билдирди. Анын айтымында, “Сүткорлук” тууралуу мыйзам кабыл алынса, микрокаржылоо уюмдарынын саны азайып, насыялардын үстөктөрү жогорулайт. Атаандаштык жогору болсо, элге көрсөткөн кызматтын сапаты жакшырып, берилген насыялардын үстөгү да төмөн болмок. “Микрокаржылык уюмдар көп учурда каражатты ири суммада кредит берүүчүлөрдөн алышат. Ал эми кирешеси аз адамдар банктардын кызматынан пайдалана албай, микрокаржылык уюмдарга кайрылат” деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан