Баткен. Чарбак айылынын эли чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып митингге чыгышты

29-январь күнү Баткен районуна караштуу Чарбак айылынын 100дөй тургуну Баткен облустук администрациясынын алдында митингге чыгышты. Алардын көпчүлүк бөлүгүн энелер түздү. Чогулгандар колдоруна “Чарбакты ким коргойт?”, “Энелердин тилеги - тынчтык”, “Чек ара маселеси чечилсин”, “Эл тажады”, “Искандаров маселени чечсин” деген ураандар жазылуу плакаттарды кармап турушту. Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков митингчилерге жолугуп, эртең, 30-январда Бишкек шаарынан атайын чек араны өлчөп-белгилөө үчүн өкүлдөр келе тургандыгын маалымдады.   

"Биз үйүбүздөн чыга албай калдык, балдарыбыз да мектепке бара албай жатышат. Себеби такталган чек ара жок. Өзбек жарандары балдарыбызды уруп кетеби деген коркунуч болууда. Алар азыр чек арадан өтпөгөнү менен, март айында жазгы талаа иштери башталып, сугатка суу бурганы чыгышат. Ошондуктан биз бийликтен ушул чек араны так аныктап, тосмо коюп берүүнү суранабыз" дешет чогулгандар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан