Бүгүн, 29-январда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда жарнактарды мамлекеттик жана расмий тилде гана жүргүзүү сунушталып, колдоо тапты. Комитеттеги депутаттардын чечимине ылайык, көчөлөрдө илинген жарнак такталарына ар кандай иероглифтерди, англис жана башка тилдеги тексттерди жазууга, ошондой эле кириллицадан башка тамганы колдонууга тыюу салынат.