Кадамжай шаарынын мэри болуп Асанбай Пазылов шайланды

Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэри болуп “Республика” партиясынын өкүлү Асанбай Пазылов шайланды. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы билдиргендей, Пазыловго шаардык кеңешке 21 депутаттын ичинен 11 депутат добуш берди. Асанбай Пазылов аталган шаардын мэрлигине жалгыз талапкер болуп чыккан. Эскерте кетсек, 28-январдан 3-февралга чейин Кыргызстанда 20 шаардын мэрлери жана 250 айыл өкмөт башчылары шайланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан