30-январда депутаттар Асия Сасыкбаева менен Эгемберди Эрматов Орусиядагы иш сапары тууралуу маалымат жыйын өткөрөт

30-январда депутаттар Асия Сасыкбаева менен Эгемберди Эрматов маалымат жыйын өткөрөт. Маалымат жыйында депутаттар Орусияга болгон иш сапары учурунда кол коюлган эки тараптуу келишимдер, 2013-жылы Кыргызстанда өтө турган Ч.Айтматов атындагы «Ысык-Көл» форуму, Орусияда иштеп жана жашап жаткан кыргызстандык эмгек мигранттары менен болгон жолугушуулар, анда айтылган көйгөйлөр тууралуу маалымат берилмекчи. Айта кетсек, 25-27-январь күндөрү аталган депутаттар баштаган делегация Орусиянын Екатеринбург шаарына иш сапары менен болуп кайтышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан