Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым айылдарында электр жарыгын берүү чектелет

Бүгүн, 30-январда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районунун Лебединовка айылында, Маевка айылынын Жаш Гвардия проспектинде, Южный, Школьный, Набережный, Тепличный, Родниковый, Ала-Арча, Кара-Суу көчөлөрүндө, Кырман, Учкун жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Мындан сырткары Сокулук районунун Таш-Булак, Бөрүлү айылдарында да электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр “Белогорка”, “Тепличная”, “Лебединовка”, “Центральная” көмөк чордондорунун аба чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан