Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык тармакта кызматташуусу жана маданий баалуулуктарды мындан ары өнүктүрүү пландары талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчыга Бишкекте өткөн "Түрксойдун" аксакалдар кеңешинин 8-отурумунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип, тараптар Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарын да талкуулашты. 
Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүү маанилүү экенин белгиледи. Өлкө башчы менен жолугушууга кеңештин өкүлдөрү менен кошо Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч да катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан