Асылбек Жээнбеков чек ара көйгөйү боюнча Баткен облусунан келген тургундар менен жолугушту

Төрага Асылбек Жээнбеков 29-январда чек ара көйгөйү боюнча Баткен облусунан келген тургундар менен жолугушту. Жолугушууга КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов да катышты. ЖКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда Баткен облусунун тургундары аймактагы азыркы абал тууралуу маалымат беришти. Асылбек Жээнбеков Баткен облусундагы чек ара окуясы боюнча өз убагында депутаттык жумушчу топ түзүлүп иш жүргүзгөнүн, ал топтун маалыматынын негизинде Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, ал токтомдун негизинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн өкмөткө бир катар тапшырмалар берилгендигин баса белгиледи. Ал эми Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер жаатында маалымат берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан