2013-жылдын февраль айында Москва шаарында режиссёр Нурбек Эгендин “Жить дальше” аттуу тасмасы тартылып баштайт. 12 сериядан турган бул тасмада башкы ролду орусиялык актриса Мария Машкова ойной тургандыгы маалым болду. Тасманын сценарийи боюнча кыскача: Вера аттуу айым бир убакта баарынан айрылып, иштеп жаткан жумушун, сүйгөн адамын жана бир тууган эжесин жоготуп алат. Андан соң Вера өзүнүн жашоосун түп тамыры менен өзгөртүүнү чечет. Аталган тасманын ар бир сериясында Веранын жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу баяндалат.
2. Актриса Мария Машкова.