Лейлек районундагы Козу-Баглан мектебинин окуучулары 15 миң акча чогултуп, чек ара окуясынан жапа тарткан Бөжөй айылына жөнөтүштү

Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан мектебинин окуучулары 5-январдагы чек ара окуясынан жапа чеккен Бөжөй айылынын окуучуларына жана мугалимдерине жардам катары акча чогултуп беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары 15 миң 300 сом чогултуп, Бөжөй айылына жөнөтүштү. Мындан сырткары окуучулар атайын кат жазып, Бөжөй айылындагы жабырлануучуларга көңүл айтышкан жана абал турукташкан учурда “достук жолугушуусун” уюштурууну сунушташкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан