Орусияда өтүүчү сноуборд боюнча Дүйнө кубогуна кыргызстандык 2 спортчу катышат. Аталган иш-чара Сочи шаарында 10-февралдан 17-февралга чейин өтөт. Бул тууралуу сноуборд боюнча кыргызстандык курама команданын башкы насаатчысы Эркин Усубалиев билдирди. Анын айтымында, мелдешке бир тууган спортчулар Алексей жана Павел Вакуриндер катышат.