14-февраль - Сүйүү күнүнө карата Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “С любовью...” аттуу концерт өтөт. Концертте президенттик “Манас” оркестри сүйүү темасындагы Астора Пьяццолла, Иоганна Штраустун жана башка белгилүү таланттардын дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын көрүүчүлөргө тартууламакчы. Кече 13-февраль күнү болот.