“Азыркы тапта бир катар эксперттер “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүнө байланыштырып, “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгышууда”,- деп билдирди депутат Эркингүл Иманкожоева. Депутат бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамдын тегерегиндеги кырдаалга өз пикирин парламент студиясында айтканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, мыйзам мөңгүлөргө байкоо жүргүзүү, реестр киргизүү жана анын актуалдуулугун көтөрүү, мөңгүлөрдүн жана анын айланасындагы чөйрөнүн абалынын өзгөрүү динамикасын иликтөө үчүн өбөлгө түзүүгө багытталган. Ошондой эле мөңгүлөргө антропогендик жана техногендик жактан таасир этишинен улам келтирилген зыянды эсептөөнүн критерийлери менен методикасын иштеп чыгуу каралган. Андыктан мыйзамдын “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок.
“Биздин мөңгүлөр таза суунун стратегиялык кору жана Борбор Азияда суунун негизги булагы экендигин унутпашыбыз керек. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Аргентинада мөңгүлөргө жакын жерде тоо-кен өндүрүү иштерине толугу менен тыюу салынган. Ал эми “Кумтөр” ишканасы Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жаткандыктан, мыйзамда мөңгүлөр жайгашкан аймактарда жер алдынан кен иштетүүгө уруксат берилген”,- дейт Иманкожоева.
Ошону менен катар депутат эксперт Шамил Ильясовдун “Кыргызстанда суу корунун толукталышы мөңгүлөрдүн эришинен эмес, жаан-чачындан” деген пикири негизсиз экенин кошумчалады. “Атмосфералык жаан-чачындар суунун башкы булагы болуп саналбастыгын белгилеп кетейин. Республикада суунун жетишсиздигинен улам агрардык чөйрө менен энергетика тармагында кыйынчылыктар жаралды. Бул өлкөнүн азык-түлүк жана энергетика коопсуздугуна таасир этүүдө. Албетте, мөңгүлөрдүн эришине климаттын өзгөрүшү дагы таасир этип жатат, бирок техногендик жана антропогендик таасирлер эң башкысы болууда. Мына ушундай маселелер “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат”,- деп кошумчалады ал.