Бишкекте Тарых музейин жаңылоо маселеси талкууланды

Кечээ, 30-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кызматташтык жана өнүгүү боюнча түрк агенттигинин жетекчиси Полат Сюреййа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар жолугушууда Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясын талкууга алышты. Министр Максүтов реконструкцияланган музей борбордук аянтка төп келиши жана заманбап талаптарга жооп бериши керектигин айтты. Жыйынтыгында музейдин жаңы долбоорун дагы тереңдетип талкуулоо үчүн кайрадан жолугушууну макулдашышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан