Алмазбек Атамбаев: "Коррупция менен күрөшүүнү мындан да күчөтүү керек"

Бүгүн, 31-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаковду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга мамлекеттик жана укук коргоо мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттин катыштыгы бар уюмдарда жана ишканаларда коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана териштирүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Казаков быйыл коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыгы менен бюджетке 320 миллион 600 миң сом кайтарылганын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун маанилүү системдериндеги коррупция менен күрөшүүнү мындан ары активдештирүү жана күчөтүү зарыл экенин айтты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан