Жоомарт Оторбаев: "Кыргызстан инвестиция үчүн өзүнө келечектүү аянт түзгөнү жатат"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 31-октябрда "Korea Exim Bank" уюмунун аткаруучу директору Сеонг Хеог Им менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт жетекчиси Кыргызстан менен Түштүк Кореянын кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын, өлкө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кореядан түз инвестиция тартууга кызыкдар экенин белгиледи. "Кыргызстан инвестиция үчүн өзүнө келечектүү аянт түзгөнү жатат. Айрыкча Евразиялык экономикалык союзга кошулуунун алкагында",- дейт Оторбаев.
Премьер-министр биргелешкен долбоорлорго өкмөт колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. 
Кореялык өкүл өзүнүн өлкөсү Кыргызстандын экономикасы үчүн, каржылык, банктык тармакка инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан