2012-жылы Бишкек шаарында кыз зордуктоо фактысы 13 пайызга өскөн
Бишкекте 2012-жылы кыз зордуктоо кылмышы 13 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Талантбек
Кожонов
билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында 11 миң 440 кылмыш иши катталган. Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө 122 кылмыштын бети ачылган.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасы 2012-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө.