29-январдан баштап Кинематографияны өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы “Автордук кинонун” 4-фестивалына тасмаларды жана долбоорлорду кабыл алууну баштады. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Кыргызстандагы “Автордук кинонун” 4-фестивалы 23-27-август күндөрү өтөт. Анын максаты - Орто Азиядагы жаш режиссёрлордун тасмаларын жана кино долбоорлорун өнүктүрүү болуп саналат.