Жогорку Кеңеште жеке менчик соттук эксперттик институт түзүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 30-январда ЖКнын жыйынында жеке менчик соттук-эксперттик институт түзүүгө багытталган “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Долбоордун автору КРнын Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов. Министрдин айтымында, бул мыйзам долбоору менен жарандардын укугун коргоодо аларга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Талкуу учурунда депутаттар мыйзамдагы айрым кемчиликтерди белгилешти. "Эгер эксперттин өмүрүнө коркунуч жаралса, ал иштен баш тартат" деп жазылыптыр. Бул кандай? Баштаган ишти аягына чыгарыш керек да. Кокус даңкыйган-даңкыйган кулагы сынык 5-6 бала келсе эмне кылат анда? Мамлекет ал экспертти коргоого алып, ишти аягына чыгарыш керек" деди депутат Кожобек Рыспаев. Айрым депутаттар бул институт түзүлсө, коррупцияга дагы бир жол ачылып калуусу мүмкүн экендигин айтышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан