ЖКнын депутаттары Бишкек шаарындагы бала бакчалардын абалы менен таанышып чыгышты

29-январда депутаттар Эркингүл Иманкожоева жана Гүлнара Жамгырчиева Бишкек шаарындагы бир катар бала бакчалардын абалы менен таанышып чыгышты. Маалым болгондой, алгач депутаттар сүйлөө мүмкүнчүлүгү бузулган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбиялануучу бала бакчаларда болушту. Бала бакча жетекчилери депутаттарга балдардын саны улам өсүп жатканын, алардын тамагына деп каралган 57 сом жетпей жатканын айтышты. 

Депутаттар бала бакчалардагы жетишпестиктер боюнча жардам бергенге аракет кыларын билдиришти. Көптөгөн бала бакчалар менчиктештирилип кеткендиктен, бала бакчаларда балдардын саны көп болуп жаткандыгы айтылды. Айта кетсек, айрым ата-энелердин кайрылуусунун негизинде ЖКнын тийиштүү комитети тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоочу бала бакчаларды текшерүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан