Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган делегация Түркияда иш сапары менен жүрөт

Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган делегация Түркияда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын жүрүшүндө Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Джемил Чичек, аталган өлкөнүн тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Волкан Бозкыр жана бир катар оппозициялык партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болот. Мындан сырткары делегация Түркияда жашаган этникалык кыргыздар менен да жолугушмакчы. Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Жылдызкан Жолдошова, Алмазбек Баатырбеков, Турсунбай Бакир уулу, Максат Сабиров жана Бахадыр Сулейманов бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан