Ош шаарында Кыргызстан жана Кытай өлкөлөрүнүн тийиштүү өкүлдөрү Куршаб айылында болгон жаңжал тууралуу сүйлөшүү жүргүздү

29-январда Тышкы иштер министринин түштүк аймагы боюнча өкүлү Данияр Сыдыков Кытайдын Ош облусундагы консулу Ву Инцинь менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда 8-январь күнү болуп өткөн Куршаб айылындагы жергиликтүү жашоочулар менен кытайлык жумушчулардын ортосундагы жаңжалдын кесепети жана ал окуя боюнча тергөө амалдарынын жүрүшү талкууланды. Ву Инцинь маселени өз убагында, тынч жол менен чечүүгө кошкон салымы үчүн ТИМге ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары Кытай тараптан бериле турган гранттык каражатка Ош шаарына көп кабаттуу үй жана шаардык оорукана куруу тууралуу сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан