Ысык-Көл облусу боюнча 28-январдан 30-январга чейин 16 айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды. Аталган 16 айылдын ичинен 3 айыл өкмөттө шайлоо 2 тур менен өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады. Белгилей кетсек, 3-февралга чейин Ысык-Көл облусу боюнча 42 айыл өкмөтүнүн башчылары шайланат. Шайлоонун бүгүнкү күнгө чейинки жыйынтыгы боюнча Теплоключенка жана Тамга айыл өкмөттөрүндө жетиштүү добуш ала албагандыктан, айыл өкмөт башчылары шайланбай калды.