Чет мамлекеттин жарандарына Кыргызстандын аймагынан жер тилкелерин сатып алууга тыюу салынууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинде талкууга алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү менен чет мамлекеттик жарандардын турак жай сатып алуу укугун чектөө каралат. Бул мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону көздөйт. Ошондой эле мыйзам долбоору менен турак жай маселесин жөнгө салууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тизмегинен чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды алуусуна макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды алып салуу сунушталат.
Жыйында мыйзам долбооруна өкмөт тарабынан бир катар сунуштар бар экени айтылып, комитет долбоорду кийинки отурумдарда кароо чечимине келди.