Кыргызстанда газ кайрадан кымбаттады, ноябрда абоненттер 13 сом 53 тыйындан төлөшөт

Кыргызстанда жаратылыш газы 60 тыйынга кымбаттады. Өлкөнүн түндүгүндөгү абоненттер ноябрь айында газдын метр кубуна 13 сом 53 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 12 сом 93 тыйын болчу). "Газпром Кыргызстан" ишканасы газдын кымбатташын доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырды. Өндүрүш ишканалары үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 16 сом 29 тыйын деп бекитилди (мурунку айдагыдан 68 тыйынга кымбат). "Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаментинин буйругуна ылайык, "Газпром Кыргызстан" ар бир айдын башында доллардын сомго карата курсу боюнча тарифтерди кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү",- деп билдирет мекеме. 
Айта кетсек, Кыргызстанда газдын арзандаганына аз эле болгон. Сентябрда "Газпром" ААКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер Бишкекке келип, Кыргызстанга жеткирилген жаратылыш газынын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынганын айткан. Муну менен газдын баасы 59 долларга арзандап, абоненттер октябрда газ үчүн 12 сом 93 тыйындан төлөштү (ага чейин 16 сом 35 тыйындан төлөп келишкен). 
Эгер мындай темпти токтотуу себеби табылбаса, анда 2-3 айдан кийин газдын баасы муркунку кейпин кийиши мүмкүн. Ошондо өкмөттүн "газды арзандатып койдук го" деген сөзү да токтойт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан