Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева "Мөңгүлөр тууралуу" мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө "мыйзамды даярдоодо адистер катышкан эмес" деген айыптоолорго жооп айтылат. "Мыйзам долбоорунун башкы максаты - Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактоо, мөңгүлөр боюнча каталог түзүү, мониторинг жүргүзүү, мөңгүлөрдүн эришине климаттын өзгөрүшүнүн, антропогендик, техногендик таасирин аныктоо. Тоо-кен ишканаларынын кен казууда мөңгүлөрдү талкалоосуна, музду бир жерден экинчи жерге жылдыруусуна тыюу салуу, кенди жер астынан гана казуу тартиби киргизилүүдө. Айрым эксперттердин "бул мыйзам "Кумтөрдү" жабуу үчүн иштелип чыккан" деген дооматы негизсиз. Суу жок адамдын жашоосу жок экенин ыйык жаратылыш тастыктады" деп айтылат билдирүүдө.
Мыйзам долбоорун даярдоого өкмөттүн алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев, өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын башчысы Жыпаркүл Беккулова, жалпы 12 адис катышканы айтылды.
Эске салсак, 31-майда президент Алмазбек Атамбаев парламент кабыл алган “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга кол койбой, кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. Каршы пикир билдирүү төмөнкү аргументке негизделген болчу:
“Мыйзамды кайтарып берүүнүн негизги себеби - Жогорку Кеңеш “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамды бузгандыгы. Тактап айтканда, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду бериши үчүн өкмөткө алдын ала кайрылуу жөнөтүлгөн эмес. Мыйзамдын күчүнө кириши менен бюджетке келип түшчү каражаттардын кемиген бөлүгүн каржылоонун булагы тууралуу өкмөттүн расмий корутундусу талап кылынышы керек эле.
Бул мыйзам бюджеттин каражаттары кемишине алып келери шексиз, себеби сунушталган мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат. Демек, мыйзамга ылайык, азыр иштеп жаткан кен казуучу ишканалар жер алдында иштөөгө өтүүгө тийиш. Ал үчүн казып чыгаруу ыкмасын кайрадан өзгөртүү максатында жумуштарын токтотууга милдеттүү болот. Мындай жагдай кен иштетүүчү ишканалардын кирешесин азайтып, чыгашаларын көбөйтөт, демек, алар салыкты төлөбөй турууга мажбур болот. Ошентип, мамлекет милдеттүү төлөмдөрдөн жана салыктардан пландаштырылган киреше албай калат”.