Бишкекте 4-ноябрда энергетикадагы жаңы тарифтер талкууланат

Бишкекте 4-ноябрда электр энергиясы боюнча өкмөттүн жаңы тарифтик саясаты ишкерлер менен чогуу талкууланат. Муну бүгүн, 3-ноябрда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жыйынга энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаментинин директору Нурбек Элебаев, өкмөттүн алдындагы Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү, ишкерлер, бизнес уюмдарынын өкүлдөрү катышмакчы. 
Өкмөттүн тарифтик саясаты буга чейин аймактарда талкууланды. Жаңы тарифтер боюнча: Абонент электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонсо 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөмөкчү. Мурункудай 1 же 3 фазалуу абонент деген болбойт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан