Вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында 3-ноябрда Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Жыйында вице-премьер "өлкөдөгү заманбап саясий жана экономикалык кырдаал мамлекеттик органдарды координициялоону күчөтүү үчүн жаңы милдеттерди коюуда" деп билдирүү менен алдыдагы шайлоолордо кеңештерди түзүү боюнча аялдардын квотасын сактоо маселеси курч турарын кошумчалады.
"Мында бардык үмүт мыйзам чыгаруучуларда, өзгөчө айым депутаттарда. Аялдар саясий процесстерге толук кандуу катышуусу керек",- деди Сариева.
Жыйында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, мэрлердин жана облус башчылардын гендердик тең укуктуулук программасын ишке ашыруу боюнча маалыматтары угулганын өкмөттөн билдиришти.