Кыргызстанда Панкратион федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өткөн маалымат жыйында КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин коомдук бөлүмүнүн жетекчиси Кенжебек Чекиров билдирди. “Панкратион - Кыргызстанда популярдуу спорттун түрлөрүнүн бири. Аны менен машыккандардын саны күн санап өсүүдө” деди ал. Ал эми Панкратион федерациясынын президенти болуп Сейит Алишеров дайындалганы белгилүү болду.