Улан Дооталиев юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Улан Дооталиев Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгонун 3-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Улан Дооталиев 1982-жылы Фрунзеде туулган. 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУну бүтүргөн, кесиби - юрист. 2008-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. 2012-жылы ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн. 

Класстык чини – юстициянын 3-класстагы кеңешчиси. Жаңы дайындалган кызмат ордуна чейин өкмөт аппаратынын укук камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан