Кытай Кыргызстанга ГЭС курууга керектүү жабдууларды ташып келүүгө кызыгууда. Бүгүн, 3-ноябрда вице-премьер-министр Валерий Диль "SANY" түндүк-батыш оор өнөр жай компаниясынын башкы менеджери Вилли Йиаманы кабыл алды. Өкмөттөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар экономиканын негизги өнүгүү багыттары, Кыргызстандын салык системи жөнүндө пикир алышты. Кытай тарап өлкөгө курулуш техникасын, анын запастык бөлүктөрүн өндүрүү боюнча заводду курууга жана ГЭС курулушу үчүн жабдууларды, оор өнөр жай тармагына керектүү техникаларды ташып келүүгө кызыкдар экени айтылды.