31-январда Бишкектеги Улуттук китепкананын кызматкерлери менен Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю жолугушуу өткөрөт. Жолугушуу учурунда аталган өлкөнүн элчилиги тарабынан китепканага Түштүк Кореянын маданиятын жана тарыхын чагылдырган китептер белекке берилет. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти. Иш-чаранын башкы максаты - кыргыз окурмандарын Корея маданияты, тарыхы менен тааныштырып, корей тилин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Ошондой эле Улуттук китепканада Корея борборун ачуу тууралуу маселе карала тургандыгы белгилүү болду.